Индияга барып боорун алмаштырган Милан Садыкжан уулу мекенине аман-эсен кайтып келди

Кайдыгер эмес мекендештерибиздин жардамы менен Индияга барып бооруна операция жасаткан Милан Садыкжан уулу Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралуу операцияга акча чогултууга көмөк көрсөткөн Медер Сапарбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн саат 13:00дө бооруна операция жасалган Милан Садыкжан уулу жана ага донор болгон карындашы менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнө учуп келдик. Буюрса, оор күндөр артта калды. Миландын да, карындашынын да абалы азыр жакшы. Эми толугу менен айыгып кеткиче ар бир 6 ай сайын барып анализ тапшырып туруусу зарыл экен. Буюрса, бейтаптын мындан аркы дарылануусуна жана ал толук сакайып кеткенче көмөк көрсөтүп турууга даярбыз", - деди Сапарбаев.

Айта кетсек, 2018-жылдын август айында Милан Садыкжан уулу жалындаган жаштык курагында оор илдет менен күрөшүп жатканын айтып кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурап кайрылган. Кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен керектүү сумма чогулуп ага 12-октябрда 10 саатка созулган операция ийгиликтүү жасалган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Baian
2018-11-08 16:08:58
Супер инфо жамааты саламатсыздарбы! Москвада мекендншибиз кайдыгер эмес калктын жардамына муктаж болуп жатат.Убакыт ото тар а каражат жетишпей жатат.Кайсыл жакка жатса болот элден жардам суроо учун?
0
admin_superstan
2018-11-08 16:17:46
Baian,
Саламатсызбы? Сизге купуя кат менен жооп берилди.
0
talaa11
2018-11-08 16:30:09
Мындан аары эч качан ооруба,бекем ден-соолук каалайм Аман бол бир тууганым
+9
Bekzamann
2018-11-08 18:56:16
Аллахыма шугур!!! Эч бир пендеге ооруу бербесе экен жаратканым...
+2
asanaliev.s
2018-11-08 19:03:11
Аллахыма шугурлор болсун . Бекем ден соолук каалаймын. Балдарындын жакшылыктарын кор.
0
brentfo
2018-11-08 19:38:05
Боор ооруган ото ото жаман экен э менинда лечения жакындале буткон
+2
i1urp
2018-11-08 20:04:05
Тенирим ден соолук берип, ар дайым бар бол.
-4
sher.
2018-11-09 05:53:50
Корбогондой болуп айыгып кет,Аллахым шыпаасын берсин , эми врачтардын айтканындай кылып диетаны, режимди жакшы кармаш керек. Омурун узун болсун, ата -эненин, бир туугандарынын багына аман бол!
0
Edward.14
2018-11-09 08:19:10
Аман болунуз мындан ары жакшы болуп кетиниз!
+1
nurka_85
2018-11-09 08:19:17
Кудай карындашына да озуно бекем ден соолук берсин. Оору эмне экенин ушуну менен унутуп, корбогондой болуп кеткиле.
+2
Janel2013
2018-11-09 14:42:10
Бекем ден-соолук, каалайм! Карындашыңа чооң рахмат. Өмүрүңөр узууун болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан