super.kg logo

Орусияда дарыгерлер кемпирдин ириңдеген бутун кесебиз деп соо бутун кесип алышты

 

Орусияда дарыгерлер кемпирдин ооруган бутун эмес, башка бутун кесип салышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып, тергөө комитети тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатканын белгилешкен.

Маалыматка ылайык, бейтап Мария Дронова Орусиянын Воронеж облусунда жашаган, ал бир топ жыл мугалим болуп иштеп, "Эмгек сиңирген мугалим" деген наамга ээ болгон. Анын оң бутунун таманы ириңдей баштаганда уулу шашылыш түрдө операция жасатуу керек экенин айтып, ооруканага кайрылган.

"Дарыгерлер операция жакшы өткөнүн айтышкан. Бирок уулу апасын көрүү үчүн кирип, анын ириңдебеген буту кесилип турганын көргөн. Бейтаптын буту санына чейин кесилген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, мындан кийин дарыгерлер Дронованын 2 бутун тең кесүү керектигин айта башташкан. Анын уулу апасынын оң бутундагы таманы ириңдеп кеткенин аныктаган бейтапкананын кагаздары операция жасалган ооруканадан жок болуп кеткенин айткан. Андан кийин ал полицияга арыз менен кайрылган.

Тергөө комитети учурда бул жагдайга тиешелүү бардык адамдарды суракка алып жатышканын маалымдашкан. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(7)
08.11.2018. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
08-05-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шашкан шайтандын иши...
08.11.2018. 22:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
297
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
18-11-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
-3
Биздикилер соо бутун эмес, колун кесип коюшмак
08.11.2018. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
05-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
-5
aman0296,Ахахаха
08.11.2018. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар, мага да туура эмес операция жасашкан
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-09 10:28:19
08.11.2018. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pamirlan,ар кандай операция болот кайгырба магада Россияда профессор операция жасаган кудайга шугур жакшымын Бишкектеги врачтарга корунсом бизде мындай операция жасай албайт болчу дешкен именно Сабырбек Жумабеков озу айткан. мен 5.чи этаждан тушуп кеткем бел бут жамбаш баары сынган
09.11.2018. 00:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
18-11-2018 14:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин врачтар иштейт окшойт ал жактада
09.11.2018. 01:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
430
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 08:34
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адашып кесип алгандай, кемпирдин беш - алты буту бар окшойт. (бабушка паук)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: