SUPER TV: Жан дүйнө. "Бөлөм менен ойнош болгон жолдошумду сүйөм жана жек көрөм"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

"Самат экөөбүз 20 жашыбызда баш коштук. Экөөбүз тең студент. Анын борбор калаада үйү жок болгондуктан таежемдикинде жашап жүрдүк. Таежем өзү Москвада. Анын мен курактуу Зарина деген кызы бар, экөөбүз сырдашып күн-түн дебей шарактап сүйлөшүп, ынтымактуу болчубуз.

Бир күнү азык-түлүк алуу үчүн базарга жөнөдүм. Жарым жолдон чөнтөгүмдү карасам капчыгым жок... Үйгө унутуп кетиптирмин. Чуркап, шашып-бушуп үйдү көздөй бет алдым.

Эшикти ачып эле Самат деп кыйкырып калдым. Жолдошум да, Зарина да үйдө болчу. Оюмда эч нерсе жок. Бөлмөнү ачсам, экөө тең шашып кийинип жатыптыр... Ошол эшикти ачпай эле койсом не болмок?

Колумдагы сумкамды аларды көздөй ыргытып, сыртка чуркап чыктым. Алгач ыйлай албадым, түшүнүксүз сезим... Тулку боюмду өрттөгөн, алкымдан алып муунткан, ошол эле учурда буттарыма чуркаганга күч берген өзгөчө сезим курчап алды..."

Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.


кошулду
Жан дүйнө. "Бөлөм менен ойнош болгон жолдошумду сүйөм жана жек көрөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан