Индияда 65 жаштагы аял 20 жылдан бери күнүн көлмөдө өткөрүп келет

Индиянын Батыш Бенгалия штатында Патаруни Гош аттуу 65 жаштагы аял күнүнүн 12-14 саатын көлмөдө өткөрүүгө аргасыз. Таң атары менен күндүн нурлары чачырай баштаганда аял жашаган жериндеги алыс эмес көлмөгө барып түшөт. Ал күн батканча убактысын ошол суунун ичинде өткөрөт дагы, күүгүм киргенде үйүнө кайтып, тиричиликке аралашат.

Патаруни Гош мындан 20 жыл мурун тери оорусуна чалдыккан. Анын териси сезгенип, ооруп баштаган. Эгер ал күнгө чыкса, оорусу ого бетер күчөп кетет. Аял сууга түшсө денесинин ооруганы басылып, жаны жай алып каларын чет элдик басылмалар жазат. Патаруни күндүз кечке сууда отургандыктан, ал тамакты да аз ичип көнгөн. Негизги тамагы күрүч, аны дагы сууда отуруп жейт. Ага айылдаштары барып, суунун жээгинде баарлашып отуруп кетишет. Кечинде үйгө кайткан аял күндүз жасалбай калып калган иштери менен алектенет.

Гоштун доктурга кайрылууга шарты жок. Анын оорусунун эмнеден улам келип чыкканын билүүгө жана дарыланууга акча каражаты жок. Ал суудагы мителер башка да дарт менен оорууга алып келеби деп коркот, бирок денесинин оорусун басып, салкындатуу үчүн күн бою сууда отурууга аргасыз экенин айтат.

Индияда аял 20 жылдан бери сууда жашап келүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aman0296
2018-11-11 15:00:39
Уйуно ванна жасап алып отура берсе деле болот да
-12
muhsina
2018-11-11 17:11:55
aman0296,ванна жасаганга акчасы болгондо, дарыгерге корунсо керек эле?! Эч кимдин башына салбасын.
+17
Dembele84
2018-11-11 15:44:13
Тооба,ордок эле болуп калыптыр да байкуш
-7
Mavlyuda
2018-11-12 07:06:04
20 жылда суу өтөр катарынан өтүп буга чейин суук өткөндөн өлүп калышы керек эле. Демек суу жагып атат. Шыпа болуп кетсин суу байкушка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан