Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызмат ордуна Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги сунушталды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 13-ноябрдагы жыйынында каралат.
Ибрагим Жунусов 2014-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп иштеп келет. Өлкө мыйзамына ылайык, элчи 3 жылдык мөөнөт менен дайындалат. Эгер жакшы иштеп өзгөчөлөнө алса, анда элчилик кызмат орду дагы бир жылга узартылат.
Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызмат орду 2018-жылдын март айынан бери бош турат.