Танзила Эргешова 28 жашта, ал рак оорусунан жабыр тартып келет. Катардагы 2 балалуу үй-бүлөнүн башына кыйын күндөр түшүп, Танзила ооруй баштаганда күйөөсү дайынын билдирбей кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бейтаптын жакындары айтып беришти.
"Азыркы тапта Танзила радиотерапия, химиотерапия алып жатат. Бирок эч кандай жылыш жок. Рак илдети алгач анын оң бөйрөгүнө жабышкан, бөйрөгүн алдырганына карабастан метастаз каптап сөөгүн жабырката баштаган. Мындан улам анын оң капталы кыймылдабайт, өз алдынча тамактана албайт", - дейт бейтаптын жакындары.
Оор илдет күндөн-күнгө Танзиланы алдан тайдырып, ал үчүн ар бир мүнөт баалуу болууда.
"Бейтаптын 2 баласы бар, таянганы эле апасы жана жакындары. Тилекке каршы, атасы да каза болуп калган. Канчалык аракет кылбайлы колубуздан көп нерсе келбей жатат. Танзиланын өмүрүн сактап калуу үчүн аны Кореяга дарыланууга жиберүү керек. Бирок буга бизде каражат жетишсиз. Аргасыздан 2 чиедей баланы жетим калтырбай, жаш өмүрдү сактап калалы деген үмүттө коомчулукка кайрылууну туура көрдүк", - деп кейишет бейтаптын жакындары.
Учурда ооруну сездирбөөчү дары каражаттардын жардамы менен гана илдетине туруштук берип жаткан Танзила Эргешовага жардам берүүнү каалаган кайрымдуу мекендештерибиз төмөндөгү эсеп номурлары аркылуу акча которсо болот.
Элсом 0558417447 Суйумкан Иттуйбасова, апасы;
Сбербанк 5469380034738061 Залкарбек Малашов, агасы;