Апрель окуясынын дагы бир баатыры көз жумду

Апрель окуясынын дагы бир баатыры - Каримжан Стамов көз жумду. Бул тууралуу "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу Амантур Жамгырчиевге байланышканыбызда SUPER.KG'ге билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 61 жашында кечээ, 11-ноябрда каза болгон.

"Ал онкологиялык оорудан жабыркап жүргөн. Оору 3-баскычка өтүшүп кеткен экен. Жакында эле ооруканадан чыгарылган.

Карим агага 2010-жылы Апрель окуясында ок тийип, денесинен жеңил жаракат алган. Өзү абдан мекенчил адам эле, ар дайым өлкөнүн келечегине күйүп, колунан келген иштерди жасады.

8 жылдан бери "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин Бишкектеги Свердлов районундагы координатору, Аксакалдар кеңешинде да мүчө болуп, Апрель окуясын элге жайылтууда көп иштерди аткарды. 7-апрель боюнча макалалардын автору, Апрель элдик революциясы боюнча китеп жазып жаткан, жыйынтыктаганга жетишпей калды. Кесиби боюнча курулушчу", - дейт ал.

Жамгырчиев белгилегендей, 2010-жылдан бери Апрель окуясынын 49 баатыры каза болду. Алардын өлүмүнө түрдүү кырдаалдар себеп болууда. Бирок көбү октун кесепетинен дүйнө салып жатышат.

"Негизи Карим ага боорунан рак илдетине чалдыккан экен. Дарыгерлер консилиум кылып, анын ооруга чалдыгуусу, өлүмүнүн себеби тууралуу айтышат. Кантсе да октун кесепети тиет экен. Маркумдун сөөгү төрөлүп-өскөн жери - Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылына жөнөтүлдү. Аны жерге берүү зыйнатына атайын бирикмеден акча бөлүнөт", - деди Жамгырчиев.

Айта кетсек, Стамовдун артында жубайы, 2 уулу, 1 кызы, 5 небереси калды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
suyor
2018-11-12 11:00:55
Катар дагы эле кыргыз жараны
+23
osor
2018-11-12 11:30:00
Журналистер жалгандыда окшоштуруп суйлосода
+13
ikitaidesu
2018-11-12 11:49:22
Аллахым сурагын жеңил кылсын...
Бул кандай иш кылып баатыр болду эле?
+9
jugorsk
2018-11-12 11:51:03
Улуу ак уйду алган баатырлар.
+9
asanaliev.s
2018-11-12 12:18:31
Бешйишинен берсин .
+1
nuri1
2018-11-12 12:28:49
Тенирим жаткан жерин жай кылсын. Бар бол. Сиздерге карап жаман айтып жаткандардын озу башына жамандык келеерин биле беришпейт.
-7
Azatbek.Svoboda.
2018-11-12 12:46:16
Баатырлар баары силер жактан окшойтко!Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун жакындарынын кайгысын тен болушобуз кайрат кылыныздар.
+5
PROS
2018-11-12 14:12:31
уБактылуу бийликтин "баатырлары" кытайдан карыз алып, ал акчаны сол чөнтөккө сологон шылуундардын "баатырлары"… самозванецтердин "баатырлары"… Элдин кыйынчылык жашоого кептелишине себепкер болгон "баатырлар"…
+14
Nur777
2018-11-12 15:49:21

Баатырларды признавать этпегендер силер аканар куулуп кеткенге арканардан тутун чыгып алигиче не можете успокоиться!

Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
-9
Yiman97
2018-11-12 16:47:29
Супер инфо Оштогу адресинерди бергилечи белек утуп алганбыз алышыбыз керек 14 ноябрь акырку кун
0
Baku88
2018-11-12 17:28:28
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Бирок эмне болуп баатыр болду эле просто жертва болушкан 1000 сом акча мн 100 гр арактын айынан канчасы бей күнөө өлүп кетишти буларды бийлик утурумдук колдонуп кетишти эми өлүп кеткенден кийин баатыр деп чыга калышат а бийлик озгорбой ошол бойдон калды креслодо чычайып отуруп алып силер баатырсынар силер кыйынсынар мн канча жылдан бери алдап келе жатышат иши кылып аман болгула
+8
Baku88
2018-11-12 17:29:56
Ошто өзбек кыргыз согушунда бири бир кочугун көтөрүп койбогон вот мына ошолорду баатыр деп айтса жарашат элин жерин сактап калган.
+11
Nur777
2018-11-13 00:04:41
Baku88,а бул жагы туура
+4
Baku88
2018-11-12 17:32:38
Кыргызда качан бири бири мн мушташып атышып олтургонду баатыр деп атачу эле не только кыргызда кайсы элде бирин бири олтургонду менен баатыр деп төш белги мн сыйлачу эле
+7
Nur777
2018-11-13 00:02:32
Baku88,бири-бири менен мушташпай эле канкор бакиев менен курошкон!
-8
Aitun
2018-11-13 00:58:49
Кечиргиле бирок мен Баатыр деп апрель окуясындагы баатырларды тааныбайм. Ошто кандай кан тогуу болгон ошол эле жылы бир айдайын. Алайдан бир тутам куралы жок атчан келген жигитер неге баатыр наамын албады. Туштук эли уктабай калышкан. Ошондо Ыссыколдон Таластан жардамга барган спортсмен жигитер неге баатыр наамын алышкан жок. Озубуздун торубуздо кимди женип баатыр болушту?
+8
Kamaliddin
2018-11-13 19:50:24
Кайсы эрдиги үчүн баатыр булар.
Таласта тирүү Алиясбекке эстелик тургузуптур тоок мээлер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан