Баткен облусунун Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновго ок чыгарган адам кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан маалымдашты.
"Төрагага ок чыгарган адам кармала элек. Лейлек РИИБинин кызматкерлери тарабынан түзүлгөн ыкчам топ аталган жагдай боюнча иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Облустук администрациянын басма сөз кызматы төраганын абалы оор экенин билдирген.