Филипп Киркоров 6 жаштагы кызынын үлпөт көйнөкчөн сүрөтүн жарыялады

Алла-ВикторияБелгилүү орусиялык ырчы Филипп Киркоров 6 жаштагы кызы Алла-Викториянын үлпөт көйнөгүн кийип түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Менин кызым балдар көргөзмөсүн колуктунун образында жапты. Мени жылуу сезимдер каптады" деп жазган ырчы.

Сүрөттө Алла-Виктория колуна гүлдесте кармап, узун ак түстөгү көйнөк кийип турганын көрүүгө болот. Ырчынын айтымында, кызга бул образды жана көргөзмөнү жабуу салтанатын белгилүү модельер Валентин Юдашкин сунуштаган.

Аталган көргөзмөгө Яна Рудковская жана Евгений Плющенконун баласы Саша, муз үстүндөгү бийчи Татьяна Навка жана Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун кызы Надя Пескова, ырчы Стас Михайловдун кызы Маша жана көптөгөн жылдыздардын балдары катышкан.

Айта кетсек, бир жыл мурун Валентин Юдашкиндин үлпөт көйнөктөр көргөзмөсүнүн жабылыш аземин Алла Пугачёва жана Максим Галкиндин кызы Лиза Галкина жыйынтыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Missing-u
2018-11-12 11:23:19
Суйгонун унуталбай атын Алла койгон экенда
+4
Krai
2018-11-13 09:42:15
Тооба карап корсон орустардын жашоосу кызыктай эле ээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан