Алиясбек Алымкуловго коюлган эстелик. "Көзү тирүү кишилерге эстелик коюлбай эле койсо болмок" дейт Талас облусунун башчысынын орун басары

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов, социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубековдун эстелиги коюлган.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Канымет Осмонбеков алардын эстелигин орнотууну айылдык кеңештин депутаттары чечкенин, бирок өзү туура эмес пикирде экенин SUPER.KG'ге 12-ноябрда кабарлады.

"Айылдык кеңештин депутаттарына кимдердин эстелигин орнотуу керектигин тактап бергиле деген сунуш жиберилген. Депутаттар элдин демилгеси менен район, облус жана республикалык деңгээлде эмгеги сиңген кишилерди тандап, чечим кабыл алышкан. Андан кийин чечим районго жиберилип, эстеликтер орнотулган.

Менин жеке пикиримде, көзү тирүү кишилерге коюлбай эле койсо болмок", - деди Осмонбеков.

Эстеликтерди тургузууга 2 миллион сом сарпталып, каражат эстелиги орнотулган атуулдардын жакындары жана коомдук уюмдар тарабынан чогултулган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
RusMos76
2018-11-12 13:10:05
2 киши алар эмгек синирген кишилер.1кишиге эмне жок дейм да, жаш эле туруп эстелике балээ барбы. Шашпай иштесе эл эмгектен эскерет эле гоо!
+3
engel
2018-11-12 13:14:28
Ошо да! Козу тируу кишиге койбойт дечу эле го
+1
kurstan-ali
2018-11-12 14:07:38
Апрель баатырларынын пайдасы чиновниктерге гана тийген!Азыркы кундо Кыргызстанда "мага ишенбе! озуно бекем бол!" деген заман)))
+5
Baktiyar731
2018-11-12 14:17:09
Астына биротоло табличкасын илип коюшпатыр!
+3
bond
2018-11-12 15:18:23
Кыжаалат болбогула олгондо эстелик жасап отурбай ошону жылдырып мурзосуно алып барып коет.
+2
Asyl10
2018-11-12 16:07:20
Апеееей, жаш туруп озуно эстелик койдурганы эмнеси. Алиясбектен коп иш жасаган ишмерлер, саясатчылар жон эле журушот го. Ушундан коро Кыргызстанга эмгеги коп синген бир ишмерге эстелик койдуртуп же Айтматовдун 90 жылдыгын урматтап Таластын борбордук кочолорунун бирине эстелик койдуртуп койсо туура болмок экен. Ииий Альясбек бул эмне кылганын? сага эстеликти кийин карыганында урпактарын деле койдуртушмак го эмгегинди баалашса. Уят эмеспи бул кылыгын.
+2
talaa11
2018-11-12 16:25:35
Баатыр деген наамдын баркын кетирмей болдунар чекеден баатыр Боло берип дагы Бир Революция болсо Кыргызстандын баарыдыгы Баатыр болуп жатып калабызго мындай болсо
+2
zevs
2018-11-12 18:18:10
Kuday saktasyn erten biylik almawyp ketse kayra ele alyp salat.
0
dostuk_3422
2018-11-12 18:58:31
admin. Тексттин 4 абзацындагы Козубеков деген ким?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан