Кара-Балтадагы "Жунда" заводу кайрадан иштей баштады

Кара-Балтадагы Кыргыз-Кытай "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун иши кайра жанданды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров айтты.

Абжапаров аталган маалыматты депутат Айбек Алтынбековдун "Жунданын" иштебей тургандыгы тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Буга чейин экономика министри Олег Панкратов аталган заводдун иши токтоп турганын айткан. Маалыматка караганда, аталган ишкананын иши салыкка байланыштуу көйгөйдөн улам токтоп турган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан