Кыргыз жеринде жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн жаран Орусиядан колго түштү

Кыргыз жеринде жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн жаран Орусиядан колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран Ала-Бука районунун 31 жаштагы Ж.И. аттуу тургуну.

Ал 2014-жылы жабырлануучунун баасы 419 миң сомдук Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасын төлөп берем деген негизде ижарага алып, бирок өзүнүн атына жасалма ишеним катын жасап, башка бирөөгө сатып жиберген. Жабырлануучунун жазган арызы боюнча ага Кылмыш-жаза кодекстин 166-беренесинин (алдамчылык, ири көлөмдөгү зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши ачылып, тергөөдөн качып жүргөн.

Учурда 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык, кармалган жаранды Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу аракети көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан