Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Ош облусунун Чоң-Алай районунда орнотулган бир нече аймактардагы фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрүн жарыялады. Тараша, Миң-Теке, Текелик, Шибе аймактарында жашаган ак илбирс, аюу, тоо эчки, суур, түлкү сыяктуу жаныбарлар фотокапканга сүрөткө түшүп калышкан. Фотокапкандар 2018-жылдын июль айында орнотулган.
Сүрөттөргө карап, аталган аймактарда жапайы жаныбарлардын жана жырткычтардын көп түрү жашаарын көрүүгө болот.
"Мурда жапайы жаныбарлар, алардын ичинен айрыкча ак илбирсти сүрөткө тартып алуу дээрлик кездешпей турган көрүнүш болчу. Эгер 15 жыл мурун илбирс тукумунун жок болуп баратканын коркунуч менен эскертип келсек, бүгүнкү күндө алардын мурда жашаган аймактарга кайтып келе баштаганын билсек болот", - деп жазылат маалыматта.
Жогоруда саналган аймактар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги, коомдук бирикмелер жана жергиликтүү эл тарабынан 2015-жылдан тартып коргоого алынып келет.
Кыргыз өлкөсүндө ак илбирсти аткандар үчүн 500 миң сом, күрөң аюу, бугу (марал), жейрен, кулжа (аркар) аткандар 400 миң сом, бүркүт атуу үчүн 25 миң сом, улар аткандар 14 миң сом, тoo эчки аткандар 55 миң сом, бөкөн үчүн 20 миң сом, чөл түлкүсү, түлкү атса 2000 сом айып пул төлөшөт.