Өзбекстандын Самарканд шаарында 6 жашар кыз бешикти ичиндеги бөбөгү менен кошо өрттөп жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.
Маалым болгондой, балдарды ата-энеси кароосуз калтырышкан жана кыз ширеңке менен ойноп жатып ичинде 2 айлык бөбөгү жаткан бешикти өрттөп жиберген. Өрттү өчүрүүгө мүмкүн болуп, балдар күйүктөн жаракат алып ооруканага жеткирилген.