Изилдөөчүлөр бөлмөнү салкын кармоонун жаңы ыкмасын табышты

Массачусетс менен Гонконг технологиялык университеттеринин изилдөөчүлөрү күндүн нурун кайтара турган терезенин жаңы түрүн иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жылуу мезгилдерде АКШда электр жарыгынын 6 пайызы кондиционерлерди иштетүүгө керектелип, ага жыл сайын 29 миллиард доллар сарпталат. Ошондуктан изилдөөчүлөр бөлмөнү салкындатуунун жаңы жолун табышты.

Иштелип чыккан айнек 32 градус ысыкка чейин тунук болуп турат. Абанын температурасы бул көрсөткүчтөн ысык боло баштаган сайын айнек түсүн өзгөртүп баштайт. Айнектин бети күндүн нурунун 70 пайызын кайтарып, имараттын ичиндеги температураны төмөндөтөт.

Терезенин жаңы түрүн текшерүү үчүн айнек менен жабылган бөлмө курулган. Анын ичиндеги температура жөнөкөй айнек менен 39 градуска жетсе, бул айнек менен бөлмөдөгү температура 34 градусту гана түзгөн. Айырма аз болгону менен бул электр жарыгынын керектөөсүн бир топ азайтат дешет изилдөөчүлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2018-11-13 07:24:04
Үйдү жылытуунун жаңы ыкмасы керек болуп жатат бизге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан