8-9-ноябрь күндөрү эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Бишкектин четиндеги 10го чукул жаңы конушка барып, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн жөлөк пул тууралуу маселелерин угуп кайткан. Мекеменин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү жакын арада чечилерин SUPER.KG'ге 12-ноябрда кабарлады. Анын айтымында, министрлик учурда маселенин үстүнөн иштеп жатат.
Министр барган конуштардын айрымдары эч бир районго карабагандыгы жана айрым үй-бүлөлөрдүн документтеринин жоктугу, жөлөк пул алууда маселелери чечилбей келгени белгилүү болгон.
"Учурда тийиштүү мекемелер менен биргеликте бул көйгөйдү чечүүнү макулдашып жатабыз. Ошондуктан бул көйгөй жөнгө салынгандан кийин жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилип баштайт. Буюрса, жакын арада чечилет деген үмүтүбүз бар", - деди Кадыралиева.