Парижде жылаңач активисттер АКШнын президенти Дональд Трамптын кортежин токтотууга аракет кылышты

Парижде жылаңач активисттер АКШнын президенти Дональд Трамптын кортежин токтотууга аракет кылышты. Активисттердин иш-аракети тартылган видеону "Femen" уюму өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Видеодо көрүнүп тургандай, активист кыздар тосмодон секирип, жолго чуркап чыгышкан. Бирок аларды полиция кармап калууга үлгүргөн. Уюмдун мүчөлөрүнүн төшүндө "Чыныгы диктаторлор" жана "Эки жүздүүлүк парады" деп жазылган.

Айта кетсек, көптөгөн өлкө башчылары Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгын белгилөөгө Парижге келишкен.

Femen - украиналык уюм. Аталган уюмдун мүчөлөрү кандайдыр бир маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн өздөрүнүн төштөрүн жылаңачтайт. Көпчүлүк маалымат каражаттары аталган уюмду феминисттик деп сыпаттайт, бирок уюмдун мүчөлөрү буга каршы. Уюмдун максаттары - аялдардын укугун коргоо, сойкулукка каршы туруу, сөз эркиндиги үчүн күрөшүү жана сексуалдык зомбулукка каршы туруу экенин анын мүчөлөрү айтып келишет.

Дональд Трампка атырылган активисттер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2018-11-13 10:04:45
Полициянын козу кетип калыптыр го))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан