Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда электр жарыгы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган көчөлөр:
Саат 11:00дөн -18:00гө чейин - Боталиев көчөсү менен Саруу, Дархан, Измайловский, Ужгород туюк көчөлөрү.