ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 8-9 саат жарык өчүрүлүп жатат" дейт окурман

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жарык берилбей, эл суукта кыйналып жатат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.

"Эки күндөн бери эртең менен саат 8:30дан кечки 18:00гө чейин электр энергиясын берүү токтотулат. Кар жаап, суукта эл кыйналып жатат. Мурда мындай узак убакытка өчүрүлчү эмес. Оңдоо иштерин күн жылууда жүргүзсө болбойбу?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2018-11-13 12:16:09
Сооронбай.
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-11-13 12:32:09
Бул көрүнүш Баткен жактада бар кичине шамал болсо свет сразу өчөт. Кышка даярдык көрүү болбойт кагаз жүзүндө эле болот болуш керек.
+2
Takesha87
2018-11-13 12:48:41
Силердин светти очуруп , коншу Озбекистанга сатып жатышатго
+2
Takesha87
2018-11-13 12:49:20
Бизге 2 сомдон, Озбекистанга 1 сом 38 тыйындан
+3
tynara81
2018-11-13 14:03:36
Быйыл бардык жерде эле электр энергиясы көп өчүп атат го
+1
Ermekbai
2018-11-13 14:22:10
Ааламга кеткен жол Кара-Кулжадан башталат элего. Кичине чыдагыла эми өлбөгөн жанга жаз келет...
0
Mamiev
2018-11-13 16:09:04
Светитти өчүрүү Бакиев убагында токтоткон.Мектепте тамак берүү жана тышкы карыздын азайышы бул жакшы иштердин баарын жасап кетти. Эми аны кубалагандар баатыр болуп жүрүшөт бул кетиште легенда га да айланат согуш ардагеринен өтүп кетишти баатырлар.
0
Aikaaaa
2018-11-13 22:37:45
Mamiev,тескерисинче Бакиев тезек тердирип, түнкү 12 де свет строго өччү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан