Чүйдө айылдашын өлтүрүп, өрттөп жибергенге шектүү 4 адам кармалды. Алар күбөнүн да көзүн тазалоого аракет кылышкан

Чүйдө айылдашын өлтүрүп, өрттөп жиберген деп шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда 4 адам Москва районунун тургуну П.Н.га келип, спирттик ичимдик ичүүнү сунуштап, Заря айылынын чыгыш тарабында жайгашкан талаага алып келишкен. Ал жактан чогуу ичимдик ичишкен соң, аны сабап, денесине бычак менен сайышкан. Андан соң П.Н. каза болду деп ойлошуп, арыкка таштап, үстүн камыш менен жаап коюп кетип калышкан. Жабырлануучу эсине келип, аймактык ооруканага барган.

"Бычактан жаракат алган жаран тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө Москва райондук ооруканасынан келип түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, кармалган адамдар башка айылдашын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберишкен. Бул кылмышын билип калганы үчүн жогорудагыдай жол менен күбөнүн да көзүн тазалоого аракет кылышкан.

Бул фактынын негизинде иш козголуп, кылмышка шектелип, мурда соттолгон 40 жаштагы К.Н., 38 жаштагы К.И., 25 жаштагы Б.Е. жана 24 жаштагы К.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
didu
2018-11-13 12:24:10
оокелерго дейм
0
Koichuman
2018-11-14 00:03:02
Кино бул жакта эле калыптырго соогун ортоп жиберишсе тузук эле мыкачылар экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан