Бүгүн, 13-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алууда.
Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Рустам Тейишов 1/16 финалдык беттештин алкагында болгариялык Августин Боянов менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Тейишов 4:0 эсеби менен алдыда келе жаткан, бирок атаандашы эсепти 4:5 кылып койгонго жетишти. Мындан улам болгариялык балбан 2 жолу эреже бузуп, Тейишов 4 упайга, Боянов 2 упайга ээ болду. Муну менен беттеш Рустам Тейишов 8:6 эсеби менен жеңишке жетип, жарым чейрек финалга өттү.