Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.
SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.
Ал күчтүү оппозиция жок болсо бийликти көзөмөлдөгөн киши жок болот деген пикирде.
“Бийликке сын айткан күч жок, алардын элге каршы иш-аракеттерине тап бере турган күч жок болуп калса мамлекет өнүкпөй, кайра артка кетет. Бүгүнкү күндө расмий оппозицияда “Ата Мекенден” башка фракция жок. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы оппозицияда, бирок алар унчукпайт. Алардын оппозициялык ишин көрбөй жатабыз. Күчтүү оппозиция жок болуп жатат. Сырттагы оппозициялык күчтөр чогулуп башташты”, - деди Сасыкбаева.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.