"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Таш-Көмүр шаарындагы электр кубаты төмөн берилип жаткан үйлөрдө абал турукташты" дейт "Жалал-Абад электр" ишканасы

Таш көмүр шаарындагы электр энергиясынын кубаты төмөн берилип жатканы боюнча "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Жыпариза Уметалиева түшүндүрмө берди. Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРга" "аталган шаарда электр энергиясына үй жылымак тургай чай кайнатып ичүүгө мүмкүн эмес. Анын кубаты өтө төмөн" деп билдирген.

"Таш-Көмүр шаарынын Шопоков көчөсүндө 0,4 кВ аба чубалгысынын узундугу 2,1 чакырымды түзөт. Мындан улам суук түшкөндөн баштап аталган көчөнүн акыркы үйлөрүндө чыңалуунун өлчөмү азайып кеткен. Ошондуктан Таш-Көмүр шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкерлери эки даана электр мамыча орнотуп, 21 абонентти башка трансформаторго өткөрүштү. Бул көчөдө жалпы 58 абонент бар. Абал калыбына келтирилди", - деди басма сөз катчысы Жыпариза Уметалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан