Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев: "Бийлик курултайдын сунушун кабыл албаса, элдин үнүн укпаган президенттер эмне болуп бүткөнүн тарыхыбызда көргөнбүз"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев төмөнкүдөй жооп берди.

"Курултайда атайын баяндамалар окулат. 9 адамдан турган редакторлук топ бар. Алар баяндамалардын бардыгын карап, курултайдын чечимин даярдайт. Аны жалпы добуш менен кабыл алабыз. Кандай чечим болорун айтууга али эрте. Ал 24-ноябрда айтылат. Бул чечим парламенттин мыйзамы же президенттин токтому эмес, бул элдин үнү, сунушу катары айтыла турган нерсе. Курултай элдин пикирин бийликке жеткире турган орган болот. Эгер бийлик сунушубузду кабыл алып, чогуу иштесек туруктуулукка алып барат. Эгер кабыл албаса, элдин үнүн укпаган президенттер эмне болуп бүткөнүн тарыхыбызда көрбөдүкпү", - деди Дүйшөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искандер Гайпкулов, Таабалды Тиллаев, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан