Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылынын жашоочулары негизинен дыйканчылык менен алектенишет. 2013-жылдын 6 айында бир топ иштер жасалганын айыл өкмөттүн башчысы Тумар Райимбердиев билдирди. "Жазгы талаа жумуштарын аткаруу үчүн 30 трактор, 3 экскаватор, 17 жүк ташуучу унаа, 18 соко жана 8 үрөн себүүчү жабдуулар алынып келинген. Ал эми 120 гектар жерге күздүк буудай, 617 гектар жерге көп жылдык чөп, 50 гектар жерге жашылча, 40 гектар аянтка картошка, 300 гектар жерге май өсүмдүктөрү, 346 гектар жерге жүгөрү эгилген",- деп кошумчалайт Райимбердиев.