Сот тарабынан бюджетке 130 миң доллар төлөөгө милдеттендирилген кайсы компания экендиги белгилүү болду

Буга чейин адвокат Канат Хасанов тоо кен тармагында таш казуу менен алектенген компаниялардын бири сотто утулуп, жетекчилери өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатканын кабарлаган. Бирок компания жетекчилери өздөрү тууралуу коомчулукка маалымат таратууга каршы болуп жатышканын кошумчалаган.

Бүгүн, 15-ноябрда ал компания Вячеслав Исаев аттуу ишкерге таандык "Спектр" аттуу компания экендиги белгилүү болду. Маалым болгондой, аталган компания 1997-жылы юридикалык каттоодон өтүп, алтын казуу, таш казуу жана унаа жол салууга керектелчү шагыл, бетондорду чыгаруу менен алектенет.

"Спектр" компаниясынын аткаруучу директору Вереника Исаева SUPER.KG'ге Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети менен соттошууга барышканын тастыктап, анын жагдайын түшүндүрүп берди.

"Биз Ала-Бука районунда таш казуу үчүн 2013-жылы лицензия алып комплекс курганбыз. Бирок Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 81 миң доллар салыкты төлөбөй жатасыңар деген негизде лицензиябызды 2015-жылы токтотуп салган. Ошол жылы соттошуп баштап, жакында Бишкек шаардык соту бизге 130 миң доллар айып салган чечимди чыгарды. Бирок объект иштеп турганда 4 жыл аралыгында бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 2 миллион 678 миң доллар болмок да. Биз насыяга акча алып объектини толугу менен бүткөргөнбүз, азыр иш аткарууга даяр бойдон турат. Бирок комитеттин мурунку жетекчилеринин кесепетинен улам бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Ошондой эле биз Таш-Көмүрдө алтын кенин иштетүү үчүн 2009-жылы лицензия алганбыз. Бирок мыйзамсыз текшерүүлөрдөн улам иш жүрбөй турат. Андан сырткары Ысык-Ата районунда шагыл, бетондорду чыгаруучу карьерибиз бар. Ал жерде маселелер пайда болуп жатып быйыл гана ишти баштоо мүмкүнчүлүгүн алдык. Жыйынтыгында ушул маселелердин айынан биз өтө чоң зыянга учурадык. Азыр компания өз мүлктөрүн сатыкка коюуга аргасыз болууда", - деди Исаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан