КҮНСЕРЕП: Эң башкы күбө Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жараткан кагаздардын аныктыгын айтты

Бүгүн, 16-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.

2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делген файл боюнча КСДПнын катчылыгы билдирүү жасады. "Партияда аталган документти талкуулап жатабыз. Сумма боюнча конкреттүү бир нерсе деш кыйын, бирок анда көрсөтүлгөн расмий иш-чаралар жана фамилиялар туура", - деп айтылат билдирүүдө. Президенттик шайлоодо Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов юрист Токтакунов тараткан маалымат чын деп билдирди. Айтымында, жарыяланган тизмедеги иш-чаралар, ысымдар чын, даталар да туура келет. Бирок Ниязов өзү штабдын каржы иштерине аралашпаганын, талапкер Жээнбеков каржы маселелерин башка эки жооптуу адам менен талкуулачу экенин кошумчалайт. Ал 2 адам ким экенин айтылган жок. Келерки аптада экс-президент Алмазбек Атамбаев телеканалдардын бирине маек берерин, анда дал ушул президенттик шайлоо, аны каржылоо тууралуу суроолорго да жооп берерин КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жарыялады. КСДП менен Ниязовдун жообу боюнча караганда экс-президент Атамбаевдин комментарийи да Токтакуновдун постунда келтирилген маалыматтарды ырасташы мүмкүн.

2017-жылы Атамбаевдин колдоосу менен, ал жетектеген КСДП партиясынын атынан талапкер болуп чыгып, жеӊишке жеткен азыркы президенттин ишине, мыйзамдуулугуна бул маалымат таасир этеби? “Маалымат чындык болгон күндө деле аны далилдеп бере алышпайт. Фейк маалымат деп коюшат. Президентке эч кандай таасир эте албайт”, - деген пикирлер айтылып жатат. “Юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган маалымат жай жарылуучу бомба сыңары. Маалымат иликтенип, такталышы кажет. Далилденсе президентке Жогорку Кеңеш импичмент жарыялашы зарыл” деген пикирлер да басымдуу. Бул пикирлерге президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов “файлда көрсөтүлгөн даталар, иш-чаралар, мен боюнча маалыматтар туура” дегени салмак кошту.

Айта кетсек, кечээ кечинде юрист Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоого талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делген эсептерди жарыялаган. Каржы бөлүштүрүү, иш-чаралар боюнча тизмеден ошол маалда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабында иштеген көп адамдардын аты-жөнүн көрүүгө болот. Алардын катарында болгон Фарид Ниязов менен Кундуз Жолдубаева файлдагы өздөрүнүн аты-жөнүнө байланышкан маалыматты моюнга алып жатышат. Токтакунов расмий түрдө Жээнбековдун штабы шайлоо кампаниясына 158 миллион сом жумшады деп көрсөтүп, өзүнө келип түшкөн файл боюнча эселеп көп - 23 миллион доллар жумшаганын, эгер чын болсо, анда бул мыйзамга каршы келерин айтып жатат.

Президенттик аппараттын өкүлү Толгонай Стамалиева Токтакунов жарыялаган документти жалган маалымат атап, андай жалган маалыматтар боюнча комментарий берүүнүн кажети жок дейт.

Деген менен бул окуянын аягы Жээнбековдун президент катары мыйзамдуу же мыйзамсыз шайланганын териштирүүгө жетиши да мүмкүн. Мыйзамдуулук сакталган өлкөлөрдө президенттердин ишине шек түшсө, анын эң жогорку мамлекеттик кызматта экенине карабай, кызматтан четтетилип, айыбы далилденсе сот жообуна тартылып кеткен учурлар бар. Мисалы, Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хэнин кызматтан четтетилип, 24 жылга соттолушу прессага тарап кеткен маалыматтан башталган. 2016-жылы ЖМКларга президенттин жакын курбусу аралашкан коррупция тууралуу маалымат жарыяланган. Ушул эле жылы Түштүк Корея парламенти президентке импичмент жарыялап, кызматтан четтетилди. 2018-жылы экс-президент 24 жылга эркинен ажыратылды. Президент Сооронбай Жээнбековдун аты аталып жаткан документтер анык болуп чыкса эмне болот? Мыйзамга ылайык, президентке импичмент жарыялоо азыркы өлкө башчынын айтканын айткандай аткарып жаткан Жогорку Кеӊештин колунда. Президентке импичмент жарыялоо татаал, бирок Баш мыйзамда жазылган, ишке ашуусу мүмкүн болгон процедура...

Экс-депутат Аида Салянова той-аштардын чыгымын мыйзам аркылуу чектөөнү кайра сунуштап чыкты. Ал сунуштаган мыйзам долбоору эми жарандык демилге катары парламентке киргизилмекчи.

Той-аш чыгымын тескөөнү Салянова депутат кезинде сунуштап чыккан. Ага ылайык, мамлекеттик органдарда бюджеттик акчанын эсебинен, кызмат орунга дайындалуунун, мамлекеттик чин, наам, сыйлык, илимий даража алуунун урматына салтанат уюштурууга, корпоративдик майрамдарды өткөрүүгө тыюу салынмак. Ошондой эле үйлөнүү тойдо күйөөгө, колуктуга жана алардын ата-энелерине белек берүүнү кошпогондо, эки тараптын тең меймандарына жана күйөө менен колуктунун туугандарына кийит белектерин берүүгө тыюу салынсын деген талап болгон. Никени мамлекеттик органда каттоо аземи 5тен ашпаган жеңил автоунааны пайдалануу менен жүргүзүлөт. Андан тышкары кыз узатуу каада-жөрөлгөсү 50дөн ашпаган адамды чакыруу менен өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок бул сунуш 2016-жылы Жогорку Кеӊештен колдоо таппаган. Салянова ушул сунуш жарандык коомдун катышуусу менен толуктап иштелип чыгарын айтып жатат. Бул үчүн жарандардан кол чогултулары айтылды.

Кыргыз эли той-аш деп ашыкча чыгым кылып, мигранттар таап жөнөткөн акчанын көбү той-мааракелерге жумшалып жатканы айтылып, сындалып келе жатат. Жүздөгөн конок чакырып, катар-катар жылкы союлган тойдун үзүрүн ырчы-чоорчулар, кафе-рестораны барлар көрүп жатканы талашсыз. Кыргыз менталитети той бизнесинин өнүгүшүнө жакшы шарт түзүп, Эмгек сиңирген артист, Эл артисти наамындагы ырчылар тойго ылайык ырларды ырдоого өтүшкөнү жаңылык эмес. Бирок ушул той берүү атаандаштыгы карызга батууга жол ачып, анын айынан үй-бүлөлөр бузулуп, чет өлкөлөрдө эмгектенип, үйүнө акча жиберген мигранттын эмгегин натыйжасыз акча коротууга айландырууда.

Аида Салянова жупуну той өткөрүүгө буга чейин депутат, чиновниктер каршы чыкканын эскертүүдө. Ага карабай үй-бүлөнүн каржылык мүмкүнчүлүгү тойго канча каражат сарптоого жол берерин тескеген мыйзам сөзсүз болушу керек дейт демилгечи. Документ парламентке жетеби, жетсе кандай өзгөртүүлөр менен жетери кызык. Салянованын аракетин “жарандардын укугун чектөө, жеке ишине кийлигишүү” деп сындагандар да бар. Ал эми тойлордун чыгымынан тажагандар, ысырапкорчулукка жол бербөөнү колдогондор бул демилгени колдошору анык...

Парламент депутаты Таабалды Тиллаев пенсияга чыгып алып иштеп жүргөн кызматкерлерге айлык бербөөнү сунуштады. Депутат Кыргыз мамлекети пенсионерлердин өлкөсүнө айланып баратканын айтат. "Учурда укук коргоо органдарында иштегендер 30-35 жаштан пенсияга чыгып алып, иштөөнү улантууда. Алар же пенсия алышсын, же айлык алышсын", - дейт ал.

Расмий маалыматка таянсак, азыркы тапта өлкөдө 40 миӊ пенсионер пенсия алып, ошол эле учурда иштеп да жатат. Мыйзамга ылайык, жарандар мамлекеттик кызматта 65 жашка чейин иштей алышат. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев айрым өлкөлөрдө пенсияга чыгып алып иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү берилбей турганын эскертти. Кыргыз жеринде пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом. Ал эми өлкөдө орточо пенсия 5 миӊ сомдун тегерегинде. Мындай ыкма кадр жетишсиздигинен пенсиялык курагына карабай иштеп жүргөн мектеп мугалимдерине, врачтарга, китепканачы өңдүү жарандарга да тиери анык. Мисалы, мектеп, оорукана өӊдүү айлык-акы аз төлөнгөн мамлекеттик мекемелерде кадр жетишпей, аргасыз пенсияга чыккан адамдарды иштеткен учурлар көп эле. Жаш адистер маянанын аздыгы үчүн мугалим, врач болуп иштегиси келбей, көбү чет өлкөгө эмгек мигранты болуп кетүүдө. Ошол эле учурда жашы пенсия курагына барса да жаштарга орун бошотуп бербей, өнүгүүгө да жол бербей иштеген түр көрсөтүп, мамлекеттен айлык алып жүргөндөр дагы бар.

Эгер өлкөдө экономика өнүккөн, бизнес корголгон шарттар, татыктуу маяна болсо жарандар улгайганга чейин эртеңине кам көрүп, пенсияга чыккан соң мамлекеттин көзүн карабай турмушун өткөрө турган деңгээлге келмек, карылар минтип депутаттардан сөз укпай үйлөрүндө эле эс алып отурушмак. Бирок коррупция өнүккөн өлкөнүн улгайган адамдары пенсияга муктаж, аны берүүчү өкмөткө көз каранды...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан