Рыскелди Момбеков: "Президенттин иш-аракеттеринин негизинде гана импичмент жарыяланышы керек"

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков президенттин иш-аракеттеринин негизинде гана импичмент жарыяланышы керек деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда журналисттерге билдирди.

"Импичмент - бул оор маселе. Президенттин иш-аракеттеринин негизинде гана импичмент жарыяланышы керек. Талапкер болгондогу иш-аракеттери боюнча импичмент кантип жарыяланат? Мен буга түшүнбөй турам. Сооронбай Жээнбеков талапкер болгон. Ал каржылык иштерге аралашкан эмес. Каржылык тараптын баарын форумдагы шайлоо штабын ким жетектесе ошол жүргүзгөн. Президент болгондон кийин иш-аракеттерин Башкы прокуратура негиздеп, тегиздеп алып, депутаттарга берсе, эл өкүлдөрү карап көрүп, пикирлерин билдирет. Бул иш боюнча импичмент жарыялоо бышпаган нерсе", - дейт Момбеков.

Кечээ, 15-ноябрда юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Ал президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болгонун жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан