Фарид Ниязов: "Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы боюнча деп таратылган документ чындык"

"Шайлоо штабына тийиштүү деп таратылган документ чындык". Мындай билдирүүнү президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязовдун жообу деп КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева таратты.

Ниязов өз жообунда юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматтар чындыкка дал келерин кошумчалаган.

"Мен Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеп, анын ишин уюштургам. Бирок каржылоо маселеси менин милдеттериме кирген эмес. Президенттикке талапкер ал иштерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу.

Биз материалдарды кылдаттык менен текшерип жатабыз. Жарыяланган документтеги расмий иш-чаралар жана ысымдар чын экенин моюнума алам. Даталар да туура келет. Мен тууралуу жазылгандар да чындыкка дал келет. Башка даталар жана сандар боюнча аты аталган адамдардан сураса болот. Мен жетектеген штаб шайлоо мыйзамынын негизинде иштеген. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузууга бара алган эмес. Муну биздин юристтер, БШК жана башка президенттикке талапкерлердин штабдары катуу көзөмөлдөшкөн”, - деген ал.

Кечээ, 15-ноябрда юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу пост жарыялады. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсепти да тиркеген.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына: "Бул жалган маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, эч ким кол койгон эмес. Фейк маалымат боюнча комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген", - деп билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан