ӨКМ: "Жалал-Абадда жол кырсыгынан жабыркагандардын биринин абалы оор"

Кечээ, 15-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Бакиев жана Александр Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам ар кандай жаракаттарды алганын окуянын күбөсү билдирген.

Окуяга болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип алгачкы жардамды көрсөткөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, жабыркагандардын биринин абалы оор экенин билдирди.

"Окуядан ар кандай жаракаттарды алып ооруканага 3 адам кайрылган. Алардын бири 1951-жылы туулган И.А. аттуу эркек киши. Анын ички органдары катуу жабыр тарткан. Абалы оор болуп хирургия бөлүмүндө жатат. 66 жаштагы Н.Т. аттуу аялдын баш мээси чайкалып, учурда нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда, абалы орто. Ал эми 15 жаштагы Н.Ш. аттуу өспүрүм жеңил жаракаттарды алган. Анын абалы жакшы", - деп кабарлашты ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Parish
2018-11-16 15:56:52
Кудайым сактасын,айдоочулар этият болушу керек да.Озун эле эмес башка жургунчулорго да залакасын тийгизип атат.
0
nursiyanur
2018-11-16 23:48:27
тез жардам келбей,орт очуруучу келиптирби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан