КҮНСОБОЛ: Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: “Токтакуновдун билдирүүсү иликтенбей калса, бүгүн “мен президентмин” деп жүргөн кишинин бетине кара көө болуп, өмүр бою сакталып калат”

Саясатчы Адахан Мадумаров мындай учурда Жогорку Кеңеш чечкиндүүлүгүн көрсөтүшү керектигин айтып, бирок биздин парламент күн карама экенин кошумчалады.

“Токтакуновдун жарыясы өтө оор маселе. Бул мамлекеттин беделин, кадыр-баркын түшүргөн, эл аралык уюмдар менен биздин мамлекеттин ортосундагы ишенбөөчүлүктү пайда кыла ала турган, элибизге уят алып келе турган маселе. Бул жашыруун эмес болчу. Бир жыл мурда президенттик шайлоо өткөндөн кийин биз эмне үчүн “Мен макул эмесмин” деген кыймылды түзгөнбүз. Биз ошого “ушундай шайлоолордун өтүшүнө макул эмесмин, элибиздин добушун сатып алганга макул эмесмин” деп айтып чыкканбыз. Мына ушул “макул эмесмин” деген позиция менен бир жылдан бери келе жатабыз. Юрист Нурбек Токтакуновдун мындай маалыматты жарыялаганы жөнөкөй маселе эмес. Элдин баары ушундай болгонун билип эле жүрөт. Бирок биринчи жолу документ менен чыгып жаткандан кийин сөзсүз иликтениши керек. Иликтенбей калса, бүгүн “мен президентмин” деп жүргөн кишинин бетине кара көө болуп, өмүр бою сакталып калат. Анын шайланганынын мыйзамдуулугу чоң маселе туудурат.

Болгондо да сырттан алган акчаларды колдонгондугу жөнүндө да маселе кеткен. Бул баягы 150 миң доллар боюнча. Эгер өнүккөн мамлекет болгондо заматта парламент, тийиштүү комитеттер комиссия түзүп, бул маселени көтөрүп чыкмак. Бирок биздикилер күн карама парламент болгондон кийин бул маселени көтөргөндөн коркот. Ошол парламентте отургандардын көпчүлүгүнүн ушул акчаны жыйнаганга тиешеси болушу мүмкүн. Съездди өткөргөнүн карагылачы, эмне деген акчалар. Мунун баарын Жээнбеков кетмен чаап жүрүп таап алганбы же эл өз эрки менен жыйнап берген дейсиңерби? Токтакунов чыгарган маселелер көйгөйдүн жарымы. Ал тек гана кагазга түшүп калганы. Кагазга түшпөй, шайлоо күнү ар бир шайлоочуга берген акчалары канча? Ошондуктан бул жерден тийиштүү органдар дагы жыйынтык чыгарышы керек. Кыргыз мамлекетинин жарандары да жыйынтык чыгарышы зарыл. Тооктун баасындай болгон акчага азгырылып кете берип эмне деген шылуундарды шайлап жатабыз, эмне болуп жатабыз, кайда баратабыз?

Эгерде кадыр-баркты кармап калам деген парламент болсо, мындан сөзсүз түрдө бейтарап, коомдук уюмдардан, өкмөттөн, саясий партиялардан кирген кишилерден комиссия түзүп, иликтеши керек. Менимче, чындыктын баары али алдыда. Кайдыгер болуп, муну да жутуп коё турган болсок, анда Кыргыз өлкөсүндө бийлик, Конституция бар деп эсептебешибиз керек”, - деди Мадумаров.

СУЛТАНБЕКОВ: “Шайлоо штабына коротулган каражаттар боюнча маалыматты тиешелүү органдар текшериши керек”

Жарандык активист Темирлан Султанбеков аталган маселеге коомчулук, парламент көңүл бурушу керектигин белгиледи.

“Бул маалыматты тиешелүү органдар текшериши керек. Ал документте көп ысымдар, так суммалар, убакыттар белгилениптир. Аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер да кайдыгер карабашы керек”, - деди Султанбеков.

СООРОНКУЛОВА: “Шайлоого иштетилген каражаттардын мыйзамсыздыгы далилденсе, президентке импичмент жарыяланышы толук мүмкүн”

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жарыяланган документтердин чындыгына ишенерин айтты.

“Бул документтер сөзсүз түрдө иликтениши керек. Менимче, чыгарылган документ анык эле. Бирок менде тазаланып калгандай ой калтырды. Негизи коррупциянын баары ушинтип шайлоодон башталат. Бул боюнча суроолор абдан көп. Мыйзамда талапкер 150 миллион сомдон ашпаган каражатты шайлоо фондуна кошсо болот деп турат. Өзү мамлекеттик кызматта иштесе, анан ошол акчаны кайдан алды деген суроо туулат.

Азыр президент шайлоо фондуна канча каражат кошту, аны кайдан тапты, мына ушуну такташ керек. Муну сураган эч ким жок. Тизмеде фамилиялар жүрөт. Мыйзам боюнча, ар бир жаран шайлоо фондуна 50 миллион сомдон ашпаган каражат кошсо болот. Интернетке жарыланган документте бир аял 23 миллион сом бергени жазылыптыр. Ал аял ишкерби? Бул каражатты кайдан алды, салыгы төлөндүбү, ушуларды такташ керек. Шайлоо учурунда чыгымдын баары отчёт катары Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Ар бир чыгым эсептелет. Документте мыйзамда көрсөтүлбөгөн нерселер жүрөт. Бул тизме менен БШКга берилген тизмени салыштырса, баары билинет. Мыйзамсыздыгы далилденсе, президентке импичмент жарыяланышы толук мүмкүн. Каражаттар Икрамжан Илмиянов аркылуу келген деген божомол бар. Мындан улам Илмияновдун да абакта отурганы суроолорду жаратат”, - деди Сооронкулова.

МОЛДАЛИЕВ: “Коомдо резонанс жараткан окуяны күч түзүмдөрү изилдеши зарыл”

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев билдиргендей, Нурбек Токтакунов жарыялаган документтин мөөрү, тийиштүү адамдын кол тамгасы жок.

“Мындай документти биз деле жасап койсок болот. Мөөрү жок болгондон кийин документ деп эсептелбейт. Бул боюнча сотко жеткенге, президентке импичмент жарыялаганга негиз жок. Ошентсе да коомдо резонанс жараткан окуя болуп жаткандан кийин күч түзүмдөрү изилдеши зарыл”, - дейт Молдалиев.

ҮМӨТАЛИЕВА: “Парламент бул маселени карабаса, тарап кетиши керек”

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматтын чын-төгүнү аныкталышы керек деген пикирде.

“Бул маселеге көз жумуп, билмексенге салганга болбойт, иликтениши керек. Ал акча каяктан, кайсы өлкөдөн келди? Тийиштүү адамдар жооп бериши абзел. Эгерде Токтакуновдун жарыялаган маалыматы чын болсо, президенттик шайлоо мыйзамсыз деп табылышы зарыл. БШКнын мүчөлөрүнүн үстүнөн кылмыш иши козголушу керек. Шайлоо мыйзамсыз өттү деп, бул ишти парламент кароосу шарт. Башкы прокуратура баа бергенден кийин мыйзамсыз деп табылып шайлоо кайра өткөрүлушү зарыл. Бирок анда Сооронбай Жээнбеков шайлоого катыша албай калат. Парламент бул маселени карабаса, тарап кетиши керек. Эгерде бул маалымат калп болсо, Нурбек Токтакунов жалган маалымат таратты деп табылышы зарыл. Кыргыз элинин коопсуздук системине доо кетип жатат”, - деди Үмөталиева.

РУСЛАН АКМАТБЕК: "Өлкө башчы акчанын күчү менен эмес, элдин каалоосу менен келүүсү керек"

Эксперт Руслан Акматбек шайлоо таза өткөндө гана өлкөдө өнүгүү болот деген пикирде. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына 1 миллиард 170 миллиондон ашык каражат короткону чын болсо, бул иш тыкыр иликтенүүсү керек дейт.

"Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына 1 миллиард 170 миллион короткону өтө чоң сумма. Ошондукдан сөзсүз түрдө иликтениши керек. Себеби шайлоо - бул бардык демократиялык процесстердин, өнүгүүнүн пайдубалы. Мамлекетти адилеттүү башкаруу, экономикалык өнүгүү жана коррупциянын жоюлушу таза өткөн шайлоодон башталат. Качан шайлоо таза өткөндө гана өлкөдө өнүгүү болот. Ошондо гана жаркын келечек жөнүндө сөз кылууга мүмкүн. Ошондуктан шайлоо деген нерсеге жеңил-желпи мамиле кылбоо керек. Өлкө башчы бийликке акчанын күчү менен эмес, элдин каалоосу менен келүүсү керек" - дейт Руслан Акматбек.

ЖУРАБАЕВА: "Шайлоо фондунан тышкары акча короткон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикиринде, шайлоодо акчанын атаандаштыгы болбош керек.

“Кайсы талапкердин кассасы экени маанилүү эмес, кырдаал коомчулукта кеңири талкууланышы зарыл. Биз бул маселелерди жаап-жашырбасак, бул нерсе шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө түрткү бермек. Үгүт иштерин жүргүзүүдө да өзгөрүүлөр кирип, добуштарды сатып алуу натыйжасыз болуп калмак. Андай кылбаса, шайлоо идеялардын атаандаштыгы эмес, акчалардын атаандаштыгына айланып калат. Акчалуу адамдардын тобу түзүлө баштайт. Ири капиталдын барымтасында болгон сыяктуу өлкө моралдык жактан деградацияга туш болушу мүмкүн. Мындай жол менен келген саясатчылар алардын үгүт кампаниясын жашыруун каржылаган адамдардын барымтасында болуп калышат.

Эгер бул документ чындык болсо, аны текшерип чыгуу керек. Ал жакта Зарылбек Рысалиев өңдүү адамдардын аты аталып жүрөт. Тизмеде жүргөн адамдардын көбү колдон акча ала алышпайт. Баары шайлоо фонду аркылуу жүргүзүлүшү керек эле. Шайлоо фондунан тышкары акча коротуу мыйзамга каршы келет жана андай факты болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Физикалык жактардан ким, канча сом которгону көрүнүшү керек. Эгерде Фарид Ниязов документтеги маалыматты чындык деп айтса, тизмеде көрсөтүлгөндөр боюнча кол коюлган маалымдама болот. Мисалы, тизмеде “Сатыгул к.Н.” 23 миллион 885 миң 310 сомду кассага кошуп жатканы жазылыптыр. Бул шайлоо штабынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира болсо, ал каражаттын салыгы төлөнгөнбү, акчаны кайдан алды? "И.С." аттуу адам аркылуу ири суммадагы акча кошулган. Талапкер өзү кырдаал кандай масштабда болуп жатканын билбей калышы мүмкүн. Анткени мындай учурда башка адамдар ишке ашырып жаткан болот. Административдик ресурс колдонулганы эсибизде. Биз, коомчулук, шайлоо акчанын атаандаштыгы болбошу керектигин түшүнүүбүз керек. Жарандары добуштарын саткан өлкөнүн келечеги жок экенин түшүнүшүбүз зарыл”, - деди Журабаева.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Шайлоо боюнча документтер жазалоо үчүн эмес, мындан ары мыйзамсыз иштерди болтурбоо үчүн иликтениши керек"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Нурбек Токтакунов жарыялаган документтин баары ийне-жибине чейин иликтениши зарыл.

"Бул бир эле кетирген каталарды иликтеп, жазалоо максатында эмес, кийинки шайлоолордо, өзгөчө президенттик, парламенттик шайлоолордо мындай нерселерге жол бербөө үчүн керек.

Экинчиден, ошону изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз мыйзамдагы маанилүү өзгөрүүлөрдү жасап, жыйынтык чыгарышыбыз кажет. Шайлоолор таза өткөнгө, келип жаткан акчалар ачык болгонго, кандайдыр бир мыйзамсыз акчаларды келтирбегенге, алган акчалардын баарын мыйзамдуу пайдаланганга шарт түзүшүбүз зарыл. Мамлекет кетирген каталарын оңдоп, алдыга жылуусуна иликтенип, жыйынтык чыгарылып, чечүү жолдорун издешибиз үчүн бул аябай маанилүү”, - деди Жээнбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан