Саясатчы Адахан Мадумаров: "Токтакуновдун билдирүүсү иликтенбей калса, бүгүн “мен президентмин” деп жүргөн кишинин бетине кара көө болуп, өмүр бою сакталып калат"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.

Ал мындай учурда Жогорку Кеңеш чечкиндүүлүгүн көрсөтүшү керектигин айтып, бирок биздин парламент күн карама экенин кошумчалады.

“Токтакуновдун жарыясы өтө оор маселе. Бул мамлекеттин беделин, кадыр-баркын түшүргөн, эл аралык уюмдар менен биздин мамлекеттин ортосундагы ишенбөөчүлүктү пайда кыла ала турган, элибизге уят алып келе турган маселе. Бул жашыруун эмес болчу. Бир жыл мурда президенттик шайлоо өткөндөн кийин биз эмне үчүн “Мен макул эмесмин” деген кыймылды түзгөнбүз. Биз ошого “ушундай шайлоолордун өтүшүнө макул эмесмин, элибиздин добушун сатып алганга макул эмесмин” деп айтып чыкканбыз. Мына ушул “макул эмесмин” деген позиция менен бир жылдан бери келе жатабыз. Юрист Нурбек Токтакуновдун мындай маалыматты жарыялаганы жөнөкөй маселе эмес. Элдин баары ушундай болгонун билип эле жүрөт. Бирок биринчи жолу документ менен чыгып жаткандан кийин сөзсүз иликтениши керек. Иликтенбей калса, бүгүн “мен президентмин” деп жүргөн кишинин бетине кара көө болуп, өмүр бою сакталып калат. Анын шайланганынын мыйзамдуулугу чоң маселе туудурат.

Болгондо да сырттан алган акчаларды колдонгондугу жөнүндө да маселе кеткен. Бул баягы 150 миң доллар боюнча. Эгер өнүккөн мамлекет болгондо заматта парламент, тийиштүү комитеттер комиссия түзүп, бул маселени көтөрүп чыкмак. Бирок биздикилер күн карама парламент болгондон кийин бул маселени көтөргөндөн коркот. Ошол парламентте отургандардын көпчүлүгүнүн ушул акчаны жыйнаганга тиешеси болушу мүмкүн. Съездди өткөргөнүн карагылачы, эмне деген акчалар. Мунун баарын Жээнбеков кетмен чаап жүрүп таап алганбы же эл өз эрки менен жыйнап берген дейсиңерби? Токтакунов чыгарган маселелер көйгөйдүн жарымы. Ал тек гана кагазга түшүп калганы. Кагазга түшпөй, шайлоо күнү ар бир шайлоочуга берген акчалары канча? Ошондуктан бул жерден тийиштүү органдар дагы жыйынтык чыгарышы керек. Кыргыз мамлекетинин жарандары да жыйынтык чыгарышы зарыл. Тооктун баасындай болгон акчага азгырылып кете берип эмне деген шылуундарды шайлап жатабыз, эмне болуп жатабыз, кайда баратабыз?

Эгерде кадыр-баркты кармап калам деген парламент болсо, мындан сөзсүз түрдө бейтарап, коомдук уюмдардан, өкмөттөн, саясий партиялардан кирген кишилерден комиссия түзүп, иликтеши керек. Менимче, чындыктын баары али алдыда. Кайдыгер болуп, муну да жутуп коё турган болсок, анда Кыргыз өлкөсүндө бийлик, Конституция бар деп эсептебешибиз керек”, - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, эксперт Руслан Акматбек, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан