Жарандык активист Темирлан Султанбеков: "Шайлоо штабына коротулган каражаттар боюнча маалыматты тиешелүү органдар текшериши керек"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна жарандык активист Темирлан Султанбеков жооп берди.

Ал аталган маселеге коомчулук, парламент көңүл бурушу керектигин белгиледи.

“Бул маалыматты тиешелүү органдар текшериши керек. Ал документте көп ысымдар, так суммалар, убакыттар белгилениптир. Аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер да кайдыгер карабашы керек”, - деди Султанбеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, эксперт Руслан Акматбек, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан