Мурдагы судья Клара Сооронкулова: "Шайлоого иштетилген каражаттардын мыйзамсыздыгы далилденсе, президентке импичмент жарыяланышы толук мүмкүн"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал жарыяланган документтердеги маалыматтардын чындыгына ишенерин айтты.

“Бул документтер сөзсүз түрдө иликтениши керек. Менимче, чыгарылган документ анык эле. Бирок менде тазаланып калгандай ой калтырды. Негизи коррупциянын баары ушинтип шайлоодон башталат да. Бул боюнча суроолор абдан көп. Мыйзамда талапкер 150 миллион сомдон ашпаган каражатты шайлоо фондуна кошсо болот деп турат. Өзү мамлекеттик кызматта иштесе, анан ошол акчаны кайдан алды деген суроо туулат да.

Азыр президент шайлоо фондуна канча каражат кошту, аны кайдан тапты такташ керек. Ушуну сураган эч ким жок. Тизмеде фамилиялар жүрөт. Мыйзам боюнча, ар бир жаран шайлоо фондуна 50 миллион сомдон ашпаган каражат кошсо болот. Интернетке жарыланган документте бир аял 23 миллион сом бергени жазылыптыр. Ал аял ишкерби? Бул каражатты кайдан алды, салыгы төлөндүбү, ушуларды такташ керек. Шайлоо учурунда чыгымдын баары отчёт катары Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Ар бир чыгым эсептелет. Документте мыйзамда көрсөтүлбөгөн нерселер жүрөт. Бул тизме менен БШКга берилген тизмени салыштырса, баары билинет. Мыйзамсыздыгы далилденсе, президентке импичмент жарыяланышы толук мүмкүн. Каражаттар Икрамжан Илмиянов аркылуу келген деген божомол бар. Мындан улам Илмияновдун да абакта отурганы суроолорду жаратат”, - деди Сооронкулова.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, эксперт Руслан Акматбек, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан