БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева: "Шайлоо фондунан тышкары акча короткон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жооп берди.

Анын пикиринде, шайлоодо акчанын атаандаштыгы болбош керек.

“Кайсы талапкердин кассасы экени маанилүү эмес, кырдаал коомчулукта кеңири талкууланышы зарыл. Биз бул маселелерди жаап жашырбасак, бул нерсе шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө түрткү бермек. Үгүт иштерин жүргүзүүдө да өзгөрүүлөр кирип, добуштарды сатып алуу натыйжасыз болуп калмак. Андай кылбаса, шайлоо идеялардын атаандаштыгы эмес, акчалардын атаандаштыгына айланып калат. Акчалуу адамдардын тобу түзүлө баштайт. Ири капиталдын барымтасында болгондой сыяктанып, өлкө моралдык жактан дегредацияга туш болуп калышы мүмкүн. Андай болсо өнүгүү болбойт. Мындай жол менен келген саясатчылар алардын үгүт кампаниясын жашыруун каржылаган адамдардын барымтасында болуп калышат.

Эгер бул документ чындык болсо аны текшерип чыгуу керек. Ал жакта Зарылбек Рысалиев өңдүү адамдардын аты аталып жүрөт. Тизмеде жүргөн адамдардын көбү колдон акча ала алышпайт. Баары шайлоо фонду аркылуу жүргүзүлүшү керек эле. Шайлоо фондунан тышкары акча коротуу мыйзамга каршы келет жана андай факты болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Физикалык жактардан ким, канча сом которгону көрүнүшү керек. Эгерде Фарид Ниязов документтеги маалыматты чындык деп айтса, тизмеде көрсөтүлгөндөр боюнча кол коюлган маалымдама болот. Мисалы, тизмеде “Сатыгул к.Н.” 23 миллион 885 миң 310 сомду кассага кошуп жатканы жазылыптыр. Бул шайлоо штабынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира болсо, ал каражаттын салыгы төлөнгөнбү, акчаны кайдан алды? "И.С." аттуу адам аркылуу ири суммадагы акчалар кошулган. Талапкер өзү кырдаал кандай масштабда болуп жатканын билбей калышы мүмкүн. Анткени башка адамдар ишке ашырып жаткан болот. Административдик ресурс колдонулганы эсибизде. Биз, коомчулук, шайлоо акчанын атаандаштыгы болбошу керектигин түшүнүшүбүз керек. Жарандары добуштарын саткан өлкөнүн келечеги жок экенин түшүнүүбүз зарыл”, - деди Журабаева.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, эксперт Руслан Акматбек жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан