Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.
SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Анын айтымында, Нурбек Токтакунов жарыялаган документтин баары ийне-жибине чейин иликтениши зарыл.
"Бул бир эле кетирген каталарды иликтеп, жазалоо максатында эмес, кийинки шайлоолордо, өзгөчө президенттик, парламенттик шайлоолордо мындай нерселерге жол бербөө үчүн керек.
Экинчиден, ошону изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз мыйзамдагы маанилүү өзгөрүүлөрдү жасап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Шайлоолор таза өткөнгө, келип жаткан акчалар ачык болгонго, кандайдыр бир мыйзамсыз акчаларды келтирбегенге, алган акчалардын баарын мыйзамдуу пайдаланганга шарт түзүшүбүз зарыл. Мамлекет кетирген каталарын оңдоп, алдыга жылганга бул иликтенип, жыйынтык чыгарылып, чечүү жолдорун издешибиз үчүн бул аябай маанилүү”, - деди Жээнбеков.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, эксперт Руслан Акматбек, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.