Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Коомдо резонанс жараткан окуяны күч түзүмдөрү изилдеши зарыл"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Анын айтымында, Нурбек Токтакунов жарыялаган документте мөөр жана тийиштүү адамдын кол тамгасы жок.

“Мындай документти биз деле жасап койсок болот. Мөөрү жок болгондон кийин документ деп эсептелбейт. Бул боюнча сотко жеткенге, президентке импичмент жарыялаганга негиз жок. Ошентсе да коомдо резонанс жараткан окуя болуп жаткандан кийин күч түзүмдөрү изилдеши зарыл”, - дейт Молдалиев.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, эксперт Руслан Акматбек жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан