Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева юрист Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү боюнча: "Парламент бул маселени карабаса, тарап кетиши керек"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакуновинтернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жооп берди.

Ал Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматтын чын-төгүнү аныкталышы керек деген пикирде.

“Бул маселеге көз жумуп, билмексенге салганга болбойт, иликтениши керек. Ал акча каяктан, кайсы өлкөдөн келди? Тийиштүү адамдар жооп бериши абзел. Эгерде Токтакуновдун жарыялаган маалыматы чын болсо, президенттик шайлоо мыйзамсыз деп табылышы зарыл. БШКнын мүчөлөрүнүн үстүнөн кылмыш иши козголушу керек. Шайлоо мыйзамсыз өттү деп, бул ишти парламент кароосу шарт. Башкы прокуратура баа бергенден кийин мыйзамсыз деп табылып шайлоо кайра өткөрүлушү зарыл. Бирок анда Сооронбай Жээнбеков шайлоого катыша албай калат. Парламент бул маселени карабаса, тарап кетиши керек. Эгерде бул маалымат калп болсо, Нурбек Токтакунов жалган маалымат таратты деп табылышы зарыл. Анткени кыргыз элинин коопсуздук системине доо кетип жатат”, - деди Үмөталиева.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, эксперт Руслан Акматбек, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан