Эксперт Руслан Акматбек: "Өлкө башчы акчанын күчү менен эмес, элдин каалоосу менен келүүсү керек"

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Анда эсеп-кысаптарда үгүт иштерине мыйзам жол берген көлөмдөн 10 эсе көп каражат жумшалганы тууралуу маалыматтарды жана башка күмөндүү жагдайларды көрүүгө болот. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсептерди да тиркеди. Бул штабдын жетекчиси болгон Фарид Ниязов жарыяланган документтеги маалыматтар чындык экенин айтты. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды жалган деп жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков тууралуу абройлуу юрист жарыялаган материал иликтениши керекпи же көз жаздымда калышы керекпи?" деген соболуна эксперт Руслан Акматбек жооп берди.

Ал шайлоо таза өткөндө гана өлкөдө өнүгүү болот деген пикирде. Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына 1 миллиард 170 миллиондон ашык каражат короткону чын болсо, бул иш тыкыр иликтенүүсү керек дейт Акматбек.

"Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына 1 миллиард 170 миллион короткону өтө чоң сумма. Ошондукдан сөзсүз түрдө иликтениши керек. Себеби шайлоо - бул бардык демократиялык процесстердин, өнүгүүнүн пайдубалы. Мамлекетти адилеттүү башкаруу, экономикалык өнүгүү жана коррупциянын жоюлушу таза өткөн шайлоодон башталат. Качан шайлоо таза өткөндө гана өлкөдө өнүгүү болот. Ошондо гана жаркын келечек жөнүндө сөз кылууга мүмкүн. Ошондуктан шайлоо деген нерсеге жеңил-желпи мамиле кылбоо керек. Өлкө башчы бийликке акчанын күчү менен эмес, элдин каалоосу менен келүүсү керек" - деп айтты Руслан Акматбек.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана жарандык активист Темирлан Султанбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан