Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жоржина Родригес менен качан баш кошору белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, үлпөт той Италия чемпиондугуна (Серия А) карата болчу оюндардын тыныгуу учурунда болуп өтөт.
"Италия чемпиондугу декабрдын аягында башталат. Той болсо аталган мелдештин тыныгуу мезгилинде болуп өтөт", - деп жазышат басылмалар.
Роналду Родригеске бир нече күн мурун үйлөнүү боюнча сунуш киргизип, "макул" деген жооп алган. Түгөйлөр 2016-жылы сүйлөшө башташкан. Бир жылдан ашык убакыттан соң алар Алана-Мартина аттуу кыздуу болушкан.