Жалал-Абад шаарындагы мейманканага "эс ала турайын" деп кирген аял эртеси күнү жансыз абалда табылды. Иликтөө иштеринин алкагында ал өзү каза болгону аныкталганын бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү саат 08:30 чамасында 40 жаштагы Т.Т. аттуу Сузак районунун тургуну шаар ичиндеги мейманканалардын бирине келип, бош бөлмө сураган. Ал өзүн начар сезип жатканын жана түшкө чейин уктап, эс алышы керектигин айткан. Эртеси күнү мейманкананын кызматкерлери саат 12:00 чамасында ал аял жаткан бөлмөнү текшерүү үчүн эшигин ачышкан. Анын жансыз абалда болгонун көрүп, бул тууралуу милицияга билдиришкен.
"Аталган мейманканага милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүштү. Мейманкананын кызматкери ал аял мас абалында болгонун билдирди. Кийин алынган видеолор да иликтенип, ал аял кирген бойдон сыртка чыкпагандыгы аныкталды. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, маркум өзү каза болгон. Эртеси күнү анын денеси жакындарына өткөрүлүп берилди", - деп айтты ОИИБдин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.