Бакыт Төрөбаев: "Текебаев менен Чотоновдун кылмыш ишинин кайрадан каралышы мыйзам алдында жана абийир алдында туура чечим болот"

"Саясатчылардын сот жообуна тартылышына негизги фигурант болгон Маевскийдин көрсөтмөлөрү боюнча Башкы прокуратура, УКМК кайрадан кылмыш ишин тыкыр иликтеп, акыйкат баа берүүгө тийиш деп эсептейм". Мындай пикирин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Төрөбаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин кармалышы боюнча пикирин аталган фракциянын катчылыгы жарыялады.

"Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө Леонид Маевскийдин 16-ноябрда бирөөдөн акча талап кылып, камакка алынгандыгы жөнүндө маалымат тарады. Менде алдамчылык иштеринде шектелген Маевскийдин көрсөтмөсү менен камакта отурган эки саясатчыга чыгарылган сот өкүмү канчалык мыйзамдуу деген суроо жаралды. Анткени Маевский жалган жерден бирөөдөн акча талап кылган шылуун экендиги белгилүү болуп отурат.

Мындан улам саясатчылардын сот жообуна тартылышына негизги фигурант болгон Маевскийдин көрсөтмөлөрү боюнча Башкы прокуратура, УКМК кайрадан кылмыш ишин тыкыр иликтеп, акыйкат баа берүүгө тийиш деп эсептейм. Учурда буга укук коргоо органдарынын саясий эрки жетиштүү. Кыргыз парламентинин өнүгүшүндө өзгөчө орду бар Текебаев менен Чотоновдун кылмыш ишинин кайрадан каралышы мыйзам алдында жана абийир алдында туура чечим болот.

Белгилүү болгондой "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттарын "Белизгейт" чырына айыптап келишкен эле. Бирок ал далилденбей, ойдон чыгарылган, жалган кылмыш иши экендиги аныкталды", - деген Төрөбаев.

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө.

Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазып, ошонун негизинде Кыргыз саясатчысы 8 жылга соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан