Францияда бензиндин кымбатташына каршы 283 миңдей адам нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, акция учурунда 230 адам түрдүү жаракаттарды алып, бир адам каза болгон.
"Акцияда ондогон полиция кызматкери жабыркап, 117 жаран кармалды. Каршылык акциялары жарандардын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнөн кийин башталды. Буга бийликтин "1-январдан тарта бензиндин баасы 3 центке, дизелдин баасы 6,5 центке жогорулайт" деген билдирүүсү себеп болгон", - деп жазылат маалыматта.
Аталган каршылык акциясы "сары жилетчендер" деп аталууда.