Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусия жарандыгы бар деген маалымат талкуу жаратты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусия жарандыгы бар деген маалымат интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Анда мэр Орусиянын паспортун 2002-жылы 19-апрелде алганы, акыркы жолу 2016-жылы 30-мартта алмаштырганы айтылат. Ошондой эле маалыматтар такталса, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына ылайык кызматтан кетиши керектиги белгиленген.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтат. "Социалдык тармактарга тараган маалымат тууралуу мэрдин кабары бар. Бирок айтылгандар чындыкка дал келбейт. Таалайбек Сарыбашов Кыргыз Республикасынын жараны", - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2018-11-18 23:39:45
Даагы башталды.
+2
baltabaev
2018-11-19 00:35:26
Элди тиктетип туруп алдай го чиркин,элди манкурт катары коруп калган го булар.Колумда быдыра жанымда сен болуп калсан ай аттин арманым жок эле
0
555-777
2018-11-19 01:58:28
Чындыкка дал келбеген фактылар менен далилдеп бергиле да анда
+1
Benazir08
2018-11-19 04:10:09
Ммм Талчик ака
+2
baihan07kenjetaev
2018-11-19 09:18:58
Жалган эмес чындык, жалган деп койсок эл ишенет деп ойлобогула, каяктын жарааны болсоң ошол жака барып мер бол.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан