Бишкекте сценаристтер арасында сынак өткөрүлүп, мыкты сценарий аныкталды. Жеңүүчү деп табылган сценарийлер боюнча тасма тартылат. Бул тууралуу "Lights Creative Group" студиясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган сынак ушул жылдын сентябрь айында башталган. Ага жаш сценаристтерден тартып, тажрыйбалуу сценаристтер дагы катышкан. Ноябрь айында 11 сценаристтин эмгеги мыкты деп табылып, жеңүүчүлөргө акчалай байге ыйгарылган. Ошондой эле мыкты сценарийлер боюнча тасма тартуу иши 2019-жылы башталары маалымдалды.