АКШнын Чикаго шаарында асман тиреген бийик имараттагы лифт 95-кабаттан кишилери менен кошо ылдый түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя 16-ноябрда болгон. Кырсык болгон учурда лифттин ичинде алты киши болгон. Алар 95-кабаттан түшүп келе жатып 11-кабатка келгенде лифт токтоп калган.
Лифтти кармап турган трос үзүлүп кеткен. Куткаруучулар лифттин кайда экенин таап, дубалды тешип, ичиндеги кишилерди чыгарышкан. Адамдарды чыгарууга үч сааттай убакыт кеткен. Ал эми алты кишинин бири да жабыркаган эмес.
Кырсык орун алган Жон Хэнкоктун имараты 100 кабаттан турат. Ал АКШдагы эң бийик курулуштардын ичинен 37-орунда.