Инстаграм социалдык түйүнү реалдуу эмес "жакты" белгисин койгон, пикир жазган катталуучулар менен күрөшөт. Тагыраагы, башка тиркеме аркылуу автоматтык түрдө Инстаграм баракчага кошулган колдонуучулар өчүрүлөт. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтына жарыяланган.
"Бүгүнтөн тарта компаниянын кызматкерлери реалдуу эмес "жакты" белгилерди, "жансыз" катталуучуларды жана алар тарабынан жазылган пикирлерди өчүрүүнү колго алат. "Жансыз" катталуучу, реалдуу эмес лайктар башка тиркемелердин популярдуулугун арттыруу үчүн Инстаграмга автоматтык түрдө кошулуп калат. Инстаграм аркылуу популярдуу болууга аракет кылган түйүндөр, тиркемелер колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултат. Биз колдонуучуларыбыздын коопсуздугуна көңүл буруп жатабыз", - деген компаниянын өкүлдөрү.
Учурда компания реалдуу эмес катталуучуларды аныктай турган технологияны иштеп чыккан. Бул технологиянын жардамы аркылуу "жансыз" катталуучулар автоматтык түрдө өчүрүлөт. Ал эми колдонуучуга канча лайк, кайсы пикир жана ким деген катталуучу өчүрүлгөнү тууралуу маалымат келип турат. Колдонуучулар Инстаграм баракчасынын паролун алмаштырышы кажет.