Бишкекте "Тез жардам" чакырган аялдын мас абалындагы күйөөсү фельдшерди сабады. Бул маалыматты "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тастыктады.
Маалыматка караганда, Калыс-Ордо жаңы конушуна "Тез жардам" кызматына чакыруу 19-ноябрда саат 23:50дө келип түшкөн. Кызмат саат 1:09да бейтапка барган.
"Жаран тамагы ооруп, дене табы көтөрүлүп кеткен. Ал күндүз аймактык поликлиникага барып көрүнгөн учурда дарыгер тиешелүү дары-дармектерди жазып берген. Бирок өз убагында дарыларды ичпегендиктен абалы начарлаган. Фельдшер өз кеңешин берип үйдөн чыгып келе жаткан маалда бейтаптын мас абалындагы уктап жаткан күйөөсү туруп фельдшерге кол көтөргөн. Ал кызмат кеч келгенин айтып нааразы болгон. Унаага отурайын деп жаткан маалда да дарыгердин артынан чуркап барып уруп баштаган. Айдоочу экөөнү ажыратып милиция кызматын чакырган", - дейт Шаяхметов.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматы үчөөнү тең наркология бөлүмүнө алып барып текшерген. Жыйынтыгында "Тез жардам" кызматынын фельдшери жана айдоочусу соо экени, ал эми аларга кол көтөргөн адам мас абалында экени аныкталган.
Шаяхметов белгилегендей, окуя муну менен эле бүтүп калган эмес.
"Көп өтпөй милициянын нөөмөттөгү капитаны диспетчерлерге чалып "Тез жардам" кызматы атайын кеч келерин жана чыр-чатакты ошолор уюштурарын билдирип күнөөлөгөн.
Мени таң калтырганы өз кызматын так аткарып жаткан биздин кызматкерлерге кол салуу болуп жатса, буга күнөөлүү адамды кармагандын ордуна аны коё берип эле тим болбостон кайра чалып бизди күнөөлөгөнү болду", - деп билдирди башкы дарыгер.
SUPER.KG порталы бул боюнча нөөмөттөгү милиция кызматкеринен жана фельдшерди сабады делген тургундан пикир алып жарыялоого даяр. Учурда тиешелүү тараптар менен байланышуу аракети жүрүп жатат.