Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде "Аба кодексине" өзгөртүү киргизүү демилгеси талкууланып жатат. Жыйында депутаттар эки жаат болуп айтышып кетишти.
Демилгечи депутаттар "Ачык асман" саясатын сунуштоодо. Депутат Абдывахап Нурбаев, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов аталган долбоорду колдоо керектигин айтып чыгышты. Ал эми депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Улугбек Ормонов долбоорду кабыл алууга эрте экенин айтып, каршы болушту.
Сыдыков: "Өзүбүздүн авиакомпанияларга колдоо кылышыбыз керек. Чет өлкөлүк шылуун компанияларга да туш болуп калышыбыз мүмкүн. Жарандык авиацияга убакыт берели".
Сулайманов Сыдыковго: "Ушул тармакта сиз да иштедиңиз го. Эмне иш жасадыңыздар? Силердин айыңардан бул тармак банкротко учурады. Сизге окшогондор көп да. Жалгыз сизди айткан жокмун. Буга чейин сиз айткан идеяларды ишке ашырыш керек эле. Сиз менен Ормоновду лоббист дейин десем авиакомпанияңар жок. Бирок колдогондун ордуна каршы чыкканыңарга түшүнбөй турам".
Сыдыков 2005-жылы Ош аэропортуна ишке барганын, ал жерде бир топ иштерди аткарганын айтты.
Жыйында Ормонов "Нурбаев сөздү бөлүп жатат" деп комитеттин төрайымы Махабат Мавляновага арызданды.
Ормонов: "Абдывахап Нурбаев сөздү жулуп алып сүйлөй береби? Кичине башканы да сыйлашы керек да".
Сулайманов менен Мавлянова Нурбаев негизги демилгечи катары ар бир суроого жооп берүүгө укуктуу экенин айтты.