Бишкек шаарынын 80 жаштагы тургунунун батири таштандыга толуп калган. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 80 жаштагы улгайган аял шаардын 8-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган. Анын үйүндө жылуулук берүү боюнча көйгөйлөр жаралган. Мындан улам өзүнүн батиринин төмөнкү кабатында жашаган үйлөргө суу агып кеткен.
"Бишкек жылуулук" ишканасынын кызматкерлери келип батирдеги таштандынын өтө көптүгүнөн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө алышкан эмес. Анткени батир толо таштанды болгондуктан, өрт чыгып кетүү коркунучу бар болчу. Жылуулук көп кабаттуу үйдө убактылуу өчүрүлүп, "Тазалыктын" жумушчулары таштандыны алып чыгышкан. Андагы акыр-чикирди алып чыгуу үчүн таштанды чыгаруучу бир нече унаа келген", - деп жазылат "Тазалыктын" маалыматында.